Эларалык келишимдер укугу
Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)ЭЛАРАЛЫК КЕЛИШИМДЕР УКУГУ – эларалык укуктун тармагы, анын ченемдери эларалык келишимдердин анык шарттарын, аларды түзүүнүн, колдонуунун, өзгөртүүнүн жана токтотуунун тартибин аныктайт. Бул тармактын объектиси – эларалык укуктун башкы булактарынын бири катары эларалык келишим болуп саналат. Э. к. у. алардын аталышына, объектисинин таризине жана түзүлүү жолжобосуна карабастан, эларалык келишимдердин баардык түрлөрүнө таркалат, Э. к. у-нун негизги булактары – эларалык укуктук адат эрежелери жана Эларалык келишим укугу жөнүндөгү 1969-жылдагы Вена конвенциясы.